Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-сентябры № 4
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаны курулуп жаткан “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемесине чыгуу үчүн кошумча тепкич жасатууга жана кичи футбол талаасын курууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына Кызыл-Токой айылында жаны курулуп жаткан “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемесине чыгуу үчүн кошумча тепкич жасатуу үчүн АПУ алуу үчүн , топосьемка үчүн , кичи футбол талаасын куруу үчүн АПУ алууга , жер кыртышын изилдөө үчүн, топосьемка үчүн акча каражаттары керек экендиги жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына Кызыл-Токой айылында жаны курулуп жаткан “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемесине чыгуу үчүн кошумча тепкич жасатууга АПУ алууга 24 000(жыйырма төрт мин) сом, топосьемка үчүн 10 000(он мин) сом, кичи футбол талаасын куруу үчүн АПУ алууга 24 450 (жыйырма төрт миң төрт жүз элүү) сом, жер кыртышын изилдөө үчүн (изыскание) 27 000(жыйырма жети миң) сом, топосьемка үчүн 10 000 (он миң)сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |