Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 5
Кызыл-Токо айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин короосун кенейтүү үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин короосун кенейтүү максатында кошумча жер тилкесин бөлүп берүү зарылдыгы жөнүндөгү жер адис И. Смановдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаны курулуп жаткан “Бүчүр”мектепке чейинки билим берүү мекемесине короосун кенейтүү максатында 15 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт, курулуш, энергетика жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |