Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры № 1
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин аз комплектүү классын сактап калуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10-классынын окуучуларынын саны 13 окуучу болуп, 11-класс 12 окуучу аз болгондуктан, башка жакка барып окууга мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугунан, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу үчүн, аз комплектүү класс катары бекитип берүү боюнча ата-энелеринин кайрылуусун угуп жана , Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын Ак-Терек көчөсүнүн тургундарынын жана Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин кайрылуу каттары эске алынсын.
2. 2019-2020-окуу жылында Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулардын контингентин сактап калуу максатында , башка жакка каттап окуганга окуучулардын шарттары жок болгондугуна, окууучулардын коопсуздугунун алдын алуу үчүн 10-класста 10 окуучу, 11-класста 12 окуучу болгондуктан, аз комплектүү класс болуп сакталып калышы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Ж.Эшалиевден суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин билим берүү, маданият боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |