Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры № 2
А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин аз комплектүү класстарын сактап калуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектеби типтүү эмес мектеп болгондуктан, класстарында окуучулардын саны аз , башка жакка барып окууга мүмкүнчүлүктөрү жок, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында, ата-энелеринин кайрылуусу боюнча аз комплектүү класстарын сактап калуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин каты эске алынсын.
2. 2019-2020-окуу жылында А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулардын контингентин, аз комплектүү класстарды сактап калуу максатында 3”б”-кл.-13 окуучу, 4”а”-12 окуучу, 11-кл.-11 окуучу болгондуктан, жогорудагы аз комплектүү класс катары бекитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Эшалиевден суралсын.
3. 2019-2020-окуу жылында А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинде мектептин типтүү эместигинен, класстык бөлмөлөрдүн тар, чакан болгондугуна, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербегендигинен, каттап окууга мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугуна байланыштуу, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында 3”б”-классын, 4”а”-классын, 11-классын аз комплектүү класс катары сактоо менен окутууга уруксат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин билим берүү, маданият боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |