Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры № 3
Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык Кеңеши Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын кайрылуусунун негизинде, Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишим түзүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын атынан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Терек-Сай йаыл аймагына келишим түзүү сунушталсын.
2. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттенирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |