Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №33/2
«Арал таза суу» ишканасынын сантехнигинин кызмат акысынын тарифи жөнүндө
«Арал таза суу» ишканасынын сантехнигинин кызмат акысынын тарифи жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Арал таза суу» ишканасынын сантехнигинин кызмат акысын Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы ар бир кожолукка суу түтүткчөлөрүн туташтырып бергендиги үчүн 500 (беш жүз) сомдон, эсептегич үчүн 200 (эки жүз) сомдон, суу түтүкчөлөрүнүн жол акысы үчүн 100 (жүз) сомдон, Арал таза суу ишканасынын фондуна 200 (эки жүз) сомдон, жалпы 1000 (миң) сомдон төлөнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссияга жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы Д.Умаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |