Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №33/4
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндөгү 2016-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри М.Д.Абулгазиевдин жетекчилигинде кеңешменин протоколдук тапшырмасынын негизинде Мыйзамдын талабына ылайык Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Корул айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Корул айыл өкмөтү менен түзгөн келишиминде белгиленгендей, айыл өкмөтүндө сомциалдык өнүгүү кызматы максатка ылайыктуулугуна жана негиздүүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык социалдык өнүгүү маселелери боюнча иш алып баруучу адиске жетектөөчү адистин маянасы төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |