КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 34-отуруму
2019-жылдын 30-октябры №34/1
Тогуз-Булак байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 1-пунктуна таянып,Тогуз-Булак байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштерин талкуулап, Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак байланыш бөлүмүнүн башчысы Жаңыбаев Сапарбек тарабынан бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Пенсия, пособие, кат-кабарларды жана газета-журналдарды өз убагында таркатуу Тогуз-Булак байланыш бөлүмүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |