Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №34/2
Кышка карата мекеме-ишканалардын даярдыгынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларды 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгынын аткарылышы жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге 2019-2020-жылдарга келип түшкөн көмүрдүн сапаты жакшы болгондугуна байланыштуу, күз-кыш мезгилине карата даярдыктар канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Социалдык обьектилерди күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгаруу жагы мектеп директорлоруна, мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин өз жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |