Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры 8-8-5
2019-жылдын 03-майында шаардык кеӊештин сессиясында №7-8-13 токтому менен бекитилген 2019-жылына карата аткарыла турган иш планын тизмесинде көрсөтүлгөн кээбир пункттарга уруксат берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп, карап чыгып,депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. 2019-жылдын 03-майында шаардык кеӊештин сессиясында №7-8-13 токтому менен бекитилген 2019-жылына карата аткарыла турган иш планын тизмесинде көрсөтүлгөн төмөнкү пункттарындагы иш чаралардын жүргүзүлүшүнө акча каражат берүүгө макулдук берилсин:
№ 4- «Сары-Бээ айылына ВОЛС (интернет) туташтыруу»;
№ 11-«ООАжМСКЭБнүн (ГЦГСЭН) имаратынын чатырын оңдоо»;
№ 15- «Ооган согушунда курман болгондордун эстелигин оңдоо»;
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэрине ( Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
төрагасы: | Б.К.Барбиев |