Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 8-8-8
Улуттук көчмөндөр оюнуна барып катышып келүүгө 18 кишиге (аксакалдар) 50,0 миӊ сом акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовдун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Улуттук көчмөндөр оюнуна Майлуу-Суу шаарынан он сегиз кишиге (аксакалдар) барып, катышып келүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |