Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 8-8-9
АРИС долбооруна өздүк салым катары 60,0 миӊ сом жана изилдөөлөрдү жасатуу үчүн 15,0 миӊ сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп, карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен АРИС долбоорунун алкагында:
- өздүк салым үчүн 60,0 миӊ сом;
- изилдөөлөрдү жасатуу үчүн (Кѳк-Таш ветеринардык пункту ремонттоо) 15,0 миӊ сом;
жалпысынан 75,0 миӊ сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен
бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэрине ( Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы |
Б.К.Барбиев |