Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №8-8-10
Республикалык бюджеттен келген акча каражаттарды жылуулук энергиясына болгон карызын төлөөгө уруксат берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп, карап чыгып,депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Республикалык бюджеттен 2019-жылдын август айында 5,0 (беш) миллион сом, октябрь айында 15 (он беш) миллион сом, декабрь айында 5,0 (беш) миллион сом жана 17-декабрьда келген 5,0 (беш) миллион сом жалпысынан 30 (отуз) миллион сом акча каражаттары шаардык билим берүү бөлүмүнүн жылуулук энергиясына болгон карызын төлөө үчүн «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Майлуу-Суудагы “Жылуулук жабдуулар” филиалына төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэрине ( Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы |
Б.К.Барбиев |