Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 8-8-11
“МэрсиКо” долбоорунун талабына ылайык техникалык-лабараториялык изилдѳѳ жүргүзүү үчүн 37,7 миӊ сом акча каражатын бѳлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп, карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарындагы мектептердин ашканаларын техникалык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн эсебинен 37,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэрине ( Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы |
Б.К.Барбиев |