Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры №1
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө маалыматын жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнө жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 17-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2019-жылдын октябрь айындагы кезектеги сессияда билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Н. Хамраевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеӊешинин төрагасы |
Б.И. Тагаев |