Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры №2
Исфана жайыт комитетинин 2018-жыл ичиндеги жана 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө отчету
Исфана жайыт комитетинин 2018-жыл ичиндеги жана 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетинин 2018-жыл ичиндеги жана 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.И. Тагаев
|