Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-апрели 97
Сүлүктү шаарынын мэриясынын жана шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына кошумча төлөө жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына 20% өлчөмүндө кошумча төлөө жөнүндөгу 2019-жылдын 5-мартындагы №01-20/02-268 чыгыш сандуу катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 164, 224 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-ж. 27-апрель №258 –токтомунун 1-тиркеме 8-пункт, 2016-ж.11-апрель №201 токтомунун 2 тиркемеси, Кадам жай райондук ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлүнүн 2019-жылдын 7-февралындагы № 4, №19 протоколуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Сүлүктү шаарынын мэриясынын жана шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына 15% өлчөмүндө кошумча төлөөгө макулдук берилсин
2. Керектелүүчү акча каражаты Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2215 статьясыдан жылдырылсын
3. Сүлүктү шаардык мэриясынын башкы эсепчиси З.Джумабаевага шаардын мэриясынын жана шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөнү жүргүзүү жагы милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго милдеттендирилсин
5. Көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет экономика, инвестицияжана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
төрагасы |
К.Исмаилов |