Редакцияот 26.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2019-жылдын 23-марты № 60

 Айдаркен шаардык Кенешинин III чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын күн тартибине киргизилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын» 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Айдаркен шаарынын мэри М.П.Мумбаевдин 2018-жылдагы шаардык социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоого алуу программасынын аткарылышы жана бир жылдык жүргүзүлгөн иштери боюнча отчетун угуп, талкуулап сессиянын протоколунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаркен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда шаар мэри М.П. Мумбаевдин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылсын жана бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айдаркен шаардык Кеңешине жүктөлсүн.

 

Шаардык кеӊешинин төрагасы:

 

Р.Х.Хамбаров