Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 63
Шаар аймагындагы ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу жөнүндө
«Айдаркен-Коммунальщик» Акционердик Коомунун жетекчилигинин 2019-жыл 19.03. №46-кайрылуу каты менен таанышып, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен протоколдун негизинде шаардык Кенештин III чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү сууну максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жөнүндөгү ишкананын кайрылуу каты колдоого алынып, суу түтүкчөлөрүн мыйзамсыз орнотуп алган абоненттерди карап чыгуу жагы сунушталсын.
2. Шаарга жакын жайгашкан жаны конуштарга, Шах-Шах, Кичи Айдаркен участкаларынын жашоочуларына шаарга келген ичүүчү сууну тосуп, сугат суу катары пайдалануусуна тыюу салынсын.
3. Токтомдун аткарылышы шаардык мэриянын вице-мэри А.Т.Төрөбаевке милдеттендирилсин.
Шаардык кеӊешинин төрагасы |
Р.Х.Хамбаров |