Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-октябры №137
Милициянын көчмө кабылдамасынын иштөөсүн колдоо боюнча жергиликтүү кыймылынын кайрылуусун кароо
Кадамжай шаардык кеңеши милициянын көчмө кабылдамасын иштөөсүн колдоо боюнча жергиликтүү кыймылынын кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милициянын атайын көчмө пункттун автоунаасына айына 20 литр күйүүчү май ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеёештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |