Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-октябры №141
Б.Айтматов гимназия мектебинин стадионун реконструкциялоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Б.Айтматов гимназия мектебинин стадионун реконструкциялоо боюнча элден 200 миң сом акча жыйналгандыгы тууралуу демилгечи топтун кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча, каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Айтматов гимназия мектебинин стадионун реконструкциялоого шаардын бюджетинен 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |