Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-октябры №143
Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынын жолуна ыссык асфальт төшөө жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин № 46 жолдорду тейлөө мекемесинин 2019-жылдын 15-октябрындагы №1-72 катын жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынын жолуна кара шагыл (асфальт) төшөө жумуштарын ыссык асфальтка которууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеёештин жер,курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |