Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры №25
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн чек арасын тактоо боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Тайлановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 22- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн талаш чечилбеген чек аралары жана документ иштерин тактоо үчүн айылдык Кенештин алдында төмөнкүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
1.Жайнаков Абдалим – айылдык Кенештин депутаты
2.Марипов Абдимиталип – айылдык Кенештин депутаты
3.Жумаев Равшан – айылдык Кенештин депутаты
4.Орозбаев Шамши - айылдык Кенештин депутаты
2. Түзүлгөн комиссия Жогорку Кенешке иш сапары менен жөнөтүлүп ,
командировкалык чыгымдарын төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
И.Тилеков |