Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры №26
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн чек аймагындагы Кара-Булак айылындагы жаштарга турак жай берүү үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Тайлановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 22- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын жаштарына турак жай куруу үчүн трансформация кылууга 40 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документ иштерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси
С.Тайлановго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Айылдык кеңештин төрагасы: |
И.Тилеков |