Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-августу №VI/II
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жер казынасын пайдалануу укугуна лизенцияны кармоо үчүн акы төлөмдөрдөн кошумча түшкөн акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жер казынасын пайдалануу укугуна лизенцияны кармоо үчүн акы төлөмдөрдөн
“ АЯ ” жоопкерчилиги чектелген коомдон 302,1 мин сом
“ ТОН ” жоопкерчилиги чектелген коомдон 25,4 мин сом
“ Энергоресурс Тянь-Шань ” жоопкерчилиги чектелген коомдон 78,6 мин сом
“ Кыргыз Нью Континенталь” жоопкерчилиги чектелген коомдон 23,3 мин сом
“ Геосфера ” жоопкерчилиги чектелген коомдон 2,8 мин сом
Баардыгы 432,2 (төрт жүз отуз эки миң эки жүз) сом
кошумча түшкөн акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн:
• муницип. обьектилерге интернет кабелдерин
тартууга - 71,0 (жетимиш бир миң) сом.
• түшүм майрамына өткөрүүгө - 20,0 (жыйырма миң сом)
• карылар күнүнө карата - 10,0 ( он миң сом)
• майыптар күнүнө карата - 10,0 ( он миң сом)
• бала бакчанын канализациясынын архитектуралык
документтерди даярдоо - 40,0 (кырк миң сом)
мектептин класстарына долбоордун негизинде
инвентарь алууга өздүк салым - 57,0 (элүү жети миң сом)
• “Ачакайыңды”бала бакчасынын пайдаланылган
электр энергия акысына 222,2 / эки жүз жыйырма эки миң эки жүз/ сом
• айылдык ФАПтын ички майда ремонтуна - 2,0 (эки миң) сом
Баардыгы 432,2 (төрт жүз отуз эки миң эки жүз) сом.
2. Келген акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Мурзалиев |