Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-сентябры №VI/III
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайрылган кайрылууларды кароо жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынындагы “Көөнөрбөс Мурас” коомдук уюмунун жетекчиси Б.Мурзалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайрылышкан “Көөнөрбөс Мурас”коомдук уюмунун жетекчиси Б.Мурзалиеванын кайрылуусу жана Ой-Терскен орто мектебинин педагогикалык кенешинин 2019-жылдын 29-августундагы №1 протоколу канааттандырылсын.
2. Ой-Терскен орто мектебинин жер аянтына ИСУР долбоору боюнча күнөскана курууга узуну 20м, туурасы 8м, жалпы 160м2 жер аянтына уруксат берилсин.
3. Бул жер аянтка укугун күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовко жана айыл өкмөттүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Кожомбердиевке тапшырылсын.
Төрага: |
А.Мурзалиев |