Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-августу № VI/V
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине “Кыргызстан айылдык ден-соолук комитеттери “ассоциациясы тарабынан келген Швецария жана Дания өлкөлөрүнүн биргелешкен финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жаткан “Жугуштуу эмес оорууларды алдын алуу жана натыйжалуу башкаруу” долбоорунан кошумча түшкөн акча-каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине “Кыргызстан айылдык ден-соолук комитеттери “ассоциациясы тарабынан келген Щвецария жана Дания өлкөлөрүнүн биргелешкен финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жаткан “Жугуштуу эмес оорууларды алдын алуу жана натыйжалуу башкаруу” долбоорунан
1000,0 ( бир миллион) сом кошумча түшкөн акча каражатын төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн:
• Б.Үмөталиев атындагы машыгуу залына спорттук инвентарь алууга статья
31123290 - 616452,00 (алты жүз он алты миң төрт жүз элүү эки) сом.
• Б.Үмөталиев атындагы машыгуу залына спорттук инвентарь алууга статья
22221200 - 112010,00 ( бир жүз он эки миң он ) сом
• Б.Үмөталиев атындагы машыгуу залынын жуунучу жана кийинип чечинүүчү
бөлмөлөрүн ремонттоого статья 31112390 - 271538,00 (эки жүз жетимиш бир
миң беш жүз отуз сегиз ) сом
Баардыгы 1000,0 ( бир миллион) сом.
2. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатын машыгуу залынын кошумча ремонт иштерин жүргүзүүгө жумшалсын.
3. Келген акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрагасы: |
А.Мурзалиев |