Загрузка документа…
(2020-жылдын 5-мартындагы №2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №2
Чаек айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү жобонун долбоорун талкулоо жөнүндө
Чаек айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү жобонун долбоорун талкулоо жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү жобонун долбоору бекитилсин.
2. ЖКХнын учурдагы ондоо 2221 беренесиндеги Чаек деген белгини ондоо иштерине керектүү материалга каралган 20000 (жыйырма мин)сом акча каражаты багыты өзгөртүлүп, демилгелүү топтун өздүк салымына бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
башчысы Р.Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төрагасы: |
З.Ү.Бозбалаев |