Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №6
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Актатыр айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаны имаратынын ачылышына байланыштуу мектепке компьютердик класс ачууга окуучуларга компьютер алып берүүгө Нарын облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын алуу жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Актатыр айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаны имаратынын ачылышына байланыштуу мектепке компьютердик класс ачууга окуучуларга компьютер алып берүүгө Нарын облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын алуу жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Актатыр айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаны имаратынын ачылышына байланыштуу мектепке компьютердик класс ачууга окуучуларга компьютер алып берүүгө акча каражаттары Нарын облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
башчысы Р.Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төрагасы: |
З.Ү.Бозбалаев |