АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 05-ноябрындагы кезексиз 25-сессиясы
2019-жылдын 5-ноябры №1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145-токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы “ Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө”№715 токтомуна ылайык Бакай-Ата райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын айрым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишимин карап чыгып, депутаттардын Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 05-ноябрындагы кезексиз 25-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы менен Бакай-Ата райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адистин ыйгарым укуктарын Акназаров айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
Төрага: |
Р.Рысматов |