Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №11
“Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгынын 2019-жылдын 9-январындагы № 13/4 катынын негизинде айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Кичи Оргочор” участкасында жайгашкан № 263 контурдагы жер аянтын Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак-жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгына Мыйзамга ылайык бекитип берүү жөнүндө” Оргочор Айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын токтому
Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгынын 2019-жылдын 9-январындагы № 13/4 катына таянып жана айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча башкы адиси А.Усуппаеванын билдирүүсүн эске алып, талкуулап, Оргочор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Кичи Оргочор” участкасында жайгашкан № 263 контурундагы 22213,73 кв. М жер аянтын Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгына мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Усеналиевге тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу ткомиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Сманов |