Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-ноябры №17
Айыл аймагындагы дыйкан чарбалар ортосундагы үлүшкө берилип кеткен бактарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Айыл аймагындагы дыйкан чарбалар ортосундагы үлүшкө берилип кеткен бактарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисинин сунушун угуп, талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы дыйкан чарбалар ортосундагы үлүшкө берилип кеткен бактарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисинин сунушу боюнча, айылдын түндүк тарабындагы №64, 43 контурундагы 20 га, айылдын түштүк батыш тарабындагы №798 контурундагы 35 га бак жана айылдын түндүк тарабындагы №28контур-№23к, 22к контурдагы 6 га өрүк багы Барскоон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Бактарды муниципалдык менчикке чыгаруу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрагасы: |
Н.Чекиров |