Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-ноябры №18
Ак-Коргон, Көк-Ой жаны конуштарынын таза суу системасын жасоо боюнча бюджеттен каралган акча каражатын туура бөлүштүрүү жөнүндө
Ак-Коргон, Көк-Ой жаны конуштарынын таза суу системасын жасоо боюнча бюджеттен каралган акча каражатын туура бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Yсөнбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон, Көк- Ой жаны конуштарынын таза суу системасын жасоо боюнча бюджеттен каралган акча каражаты эки конушка толук жетпей жаткандыгына байланыштуу каралган акча каражаты толугу менен Көк-Ой жаны конушунун таза суу системасын жасоо жумшалсын.
2. Акча каражатын мыйзамга ылайык жумшап, Көк-Ой жаны конушунун таза суу системасын жасоо иштерин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Yсөнбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрагасы: |
Н.Чекиров |