Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-ноябры №19
Барскоон айыл аймагынан чыккан белгилүү инсан Тилектеш Ишемкуловго «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Барскоон айыл аймагынан чыккан белгилүү инсан Ишемкулов Тилектеш Ишемкуловго Барскоон айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу үчүн айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барскоон айылынын кулуну Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, КРдин Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Улуттук жазуучулар жана журналистер союзунун мүчөсү, Бишкек Гуманитардык университетинин журналистика факультетинин профессору, Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин «ардактуу» профессору, белгилүү мамлекеттик жана коомдук саясий ишмер, таанымал журналист, акын жана котормочу, Ысык-Көл областынын жана Жети-Өгүз районунун «Ардактуу атуулу» Тилектеш Ишемкулов Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын сунушунун негизинде, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, Мамлекеттик коомдук иштердеги жигердүү эмгеги үчүн айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
2. Наамды салтанаттуу тапшыруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрагасы: | Н.Чекиров |