Загрузка документа…
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты №6
Мал багуучулардын тарифин өзгөртүү жөнүндө
Төрт-Күл айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынынын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Күл айыл аймагынын мал багуучуларына төмөндөгүдөй тариф менен, айылдык кеӊештин 01.04.2017-жылдагы №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү менен бекитилсин.
1. Койдун бир башына 40 сом, уй-жылкыга 250 сом, тайга 300 сом, эчкиге 50 сом.
2. Малдын башын тактоо максатында жайытка барган убакта атайын комиссия түзүлүп, малга санак жүргүзүлсүн.
3. Жайыт акы бодо малга жылына 1 жолу 50 сом, кой-эчкиге 10 сом, топозго сырткы жайлоодо кыштаса 100, топоз ички жайлоого кыштаса 150 сом деп чектелсин жана Темир-Канат айылынын тургундары жана башка айылдын жарандары , менчик малдарын өз билемдике салып жайытка эркин кое берген тургундарга жайыт акысы эки эсе төлөнсүн.
4. Жайыт 10-апрелден 25 октябрга чейин деп белгиленсин.
5. Жайыт акыны мал багуучулар өз эмгегинин ичинен ар жылдын 1-ноябрь айынан баштап 20-ноябрь айына чейин төлөнсүн.
6. Жайыт акы төлөө убактысы кечиктирилсе ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,5% өлчөмүндө жаза пул төлөө жагы эскертилсин.
7. Койду 800 дөн, бодо малды 100 дөн ашырбоо жана чабандар 10-октябрь айына чейин малды багууга милдеттүү. 25-октябрь айына чейин мал ээлерине таратылып берилсин.
8. Сырт өрөөнүнө 20-июнга чейин көчүү жагы ар бир мал багуучуларга эскертилип милдеттендирилсин.
9. Сырт өрөөнүнөн жакынкы жайытка 1-октябрь айынан кийин көчүп келүүсү эскертилсин.
10. Көчпөгөн мал багуучуларга 30 000 сомго чейин айып пул салынсын.
11. Сырт өрөөнүнөн 1-октябрь айына чейин эрте келген мал багуучуларга 30 000 сомго чейин айып пул салынсын.
12. Орто жайытта жайлап, ээн баскан, кароосуз калган мал жандыктар, Сырт өрөөнүнө ашырылсын.
13. Уруксааты жок, орто жайытта калган чабандарга жайыт акысы 3 эсе көбөйтүлүп төлөнсүн.
14. Жайыт комитети менен малчылар жана мал ээсинин ортосунда келишимдешүү катуу талап менен ишке ашырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы Т.Бийбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы У.Байсеркеевге тапшырылсын.
Төрагасы: |
Б.Зарлыков |