Редакцияот 11.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2019-жылдын 11-марты №10

Төрт-Күл айыл аймагынын Нооруз майрамын салтанаттуу өткөрүү иш чарасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо иретинде Тѳрт-Күл айыл аймагынын Төрт-Күл айылынын клуб башчысы А.Атабековдун кайрылуусунун негизинде Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тѳрт-Күл айыл аймагынын Нооруз майрамын салтанаттуу өткөрүү иш чарасына 25 миӊ сом акча каражаты каралган кошумча 15 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп, баардыгы 40 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы ФЭБ бөлүмүнүн башчысы А.Дүйшембиевага милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы У.Байсеркеевге милдеттендирилсин.

 

Төрагасы:

Б.Зарлыков