Загрузка документа…
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу №32
Төрт-Күл айыл аймагынын 2020-2022-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Тѳрт-Күл айыл аймагынын 2020-2022-жылдардын болжолдуудолбоорун бекитүү боюнча Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кирешелердин өлчөмү
2020- жылга 3681,3 мин сом өлчөмүндө,
2021- жылга 3883,8 мин сом өлчөмүндө,
2022- жылга 3890,8 мин сом өлчөмүндө каралсын;
2. Республикалык бюджеттен алынуучу “Теӊдештирүүчү гранттын” өлчөмү
2020- жылга 4093,6 мин сом өлчөмүндө,
2021- жылга 4113,6 мин сом өлчөмүндө,
2022- жылга 4420,3мин сом өлчөмүндө каралсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл аймагынын ФЭБ башчысы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы У.Байсеркеевге милдеттендирилсин.
Төрагасы: |
Б.Зарлыков |