Загрузка документа…
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу №33(а)
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү” туралуу Типтүү келишимди бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин 2019-жылдын №95 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү” туралуу Типтүү келишимди бекитүү жѳнүндѳ Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Байсеркеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин 2019-жылдын 29-июлундагы №95 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишимди бекитүү тууралуу” буйругунун негизинде жергиликтүү өз алдынча органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби тууралуу Типтүү келишими бекитилсин. (Тиркелет)
2. Келишимде көрсөтүлгөн ыйгарым укук милдеттердин негизинде иш алып баруу жана токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдөө жагы Төрт-Күл айыл Окмөтүнүн башчысы У.Байсеркеевге милдеттендирилсин.
Төрагасы: |
Б.Зарлыков |