Загрузка документа…
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу №40
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн Туура-Суу айылындагы «Көӊдөй» участкасына ат майданын куруу жана «Торгой Баатыр» наамын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Байсеркеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн Туура-Суу айылындагы «Көӊдөй» участкасындагы 179-контурда жайгашкан жайыт жерине ат майданын куруу үчүн жерди трансформациялоого уруксаат берилсин.
2. Ат майданына “Торгой Баатыр” наамын ыйгаруу баардык юридикалык иш кагаздары бүткөндөн кийин уруксаат берилсин.
3. Курулган ат майданын жыл сайын ремонттоо иши “Торгой Баатыр” фондусунун жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Байсеркеевге милдеттендирилсин.
Төрагасы: |
Б.Зарлыков |