Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-декабры №27/31/1
Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине ишеним кѳрсѳтпѳѳ жѳнүндѳ
Каракол шаардык депутаттар кенешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кенешинин депутаттарынын статусу жѳнүндѳгү” Мыйзамынын 10-беренесинин 6 пунктуна ылайык, Каракол шаарынын биринчи-вице мэри С.С.Ѳскѳнбаевге ишеним кѳрсѳтпѳѳ жѳнүндѳгү сунушун талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү” мыйзамынын 31 беренесинин 3 пунктунун 5 подпунктунун негизинде, Каракол шаарынын биринчи-вице мэри С.С.Ѳскѳнбаевге ишеним кѳрсѳтүлбѳсүн.
2. Каракол шаарынын мэри, С.С.Ѳскѳнбаевди, ээлеген биринчи вице-мэр кызматынан бошотуу маселесин чечсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрагасы: |
Э.Айсаракунов |