Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-ноябры № 57
Айыл аймагынын №165-контурдагы 3-категориядагы 20.0 гектарМамлекеттик фондунун айдоо сугат жеринин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү
Айылдык кенештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 19-ноябрындагы отурумунун чечимин карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын №165-контурдагы 20.0 гектар Мамлекеттик фондунун айдоо сугат жеринин багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
Э.А.Темиров |