Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы№1
Түгөл-Сай айыл аймагынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга карата жергиликтүү бюджет жана 2020-2021-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2020-2021-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча Айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Түгөл-Сай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түгөл-Сай айыл аймагынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы толуктоолорду киргизүү менен киреше жана чыгаша бөлүгү 4692,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 5245,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (Анын ичинен салыктык киреше-1365,0 мин сом, салык эмес кирешелер- 365,0 мин сом (Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен-210,0 мин.сом, 25,0 мин.сом жыйымдар, 130,0 мин.сом бала бакчанын атайын каражаты), тендештирме грант 3515,8 мин сом)
3. 2020-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 5387,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2021-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 5298,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соцфондго чегерүүлөр, комуналдык чыгымдар, иш сапары, транспорт чыгымдары, тамак- ашка төлөмдөр, ж.б.) каржылансын
6. Томтомдо көрсөтүлгөндөр боюнча сметага ылайык өз багыты менен чыгымдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБине тапшырылсын.
7. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «www.gamsumo.kg» сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылөкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тɵрайым | Тургуналиева А |