Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-августу №24
Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2022 жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдардагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 2020-ж 4863,2 мин сом 2021-ж 4871,2 мин сом жана 2022 - жылга 4906,6 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдардагы бюджетинин киреше булагы боюнча №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
3. Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдардагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык булактардан турары бекитилип берилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү
айылдык аймактык Кеңешинин Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл кеңешинин
алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р.Кабылов |