Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры №XXIX-2
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жоболордун талаптарына ылайык Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон кварталынын 2019-жылдын 22-ноябрындагы №1 жана Ноокат шаардык мэриясынын аймагында жайгашкан Х.Самиев атындагы орто мектебинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы өткөр үлгөн чогулуштарынын негизиндеги №1 сунуш кылынган протоколдорундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди талкуулап көрүп, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуш кылган Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон кварталынын 2019-жылдын 22-ноябрындагы №1 жана Х.Самиев атындагы орто мектебинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №1 протоколдорун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Ноокат шаарынын тургундары Шамсутдинов Шухратилла Махамадалиевич жана Ошурбакиева Клара Нурахуновналар талапкерликке сунуш кылынсын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрага | А.Гафаров
|