Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры №XXIX-5
Ноокат шаарынын аймагындагы “Балапан”мектепке чейинки билим берүү мекемесине 2019-жылы үчүн каралган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы “Балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 2019-жылы үчүн бөлүнгөн акча каражатын пайдалануу багытын (Ар түрдүү чыгымдар) деп өзгөртүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы “Балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 2019-жылы үчүн 2217 (Медикаменты) беренесинде каралган акча каражатын пайдалануу багытын 2222 (Ар т үрд ү ү чыгымдар) деп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров
|