Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №4
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Кочкорованын билдирүүсүн угуп 2018-жылдан калган калдык 2 202 800 (эки миллион эки жүз эки миң сегиз жүз ) сом акча каражатын бөлүштүрүү максатында депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 01-январына калган калдык 2 202 800 (эки миллион эки жүз эки миң сегиз жүз ) сом акча каражаты төмөнкү статьяларга жумшалсын.
1-бөлүм Аппарат бөлүмүнүн
3111 Чон-Кара таза сууга резервуарга 674,8 миң сом
3112 трансформаторго 85,3 миң сом
Жалпы суммасы: 760,1 миң сом
9-бөлүм Билим берүү.
Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнө.
3111 Ак-Турпак айылына курулуучу бала бакчага салым 1203,2 миң сом
Ак-Ътөк башталгыч мектебине.
2221 мектептин айланасын тосууга 239,5 миң сом
Жалпы суммасы: 1 442,7 миң сом
Бардыгы: 2 202 800 (эки миллион эки жүз эки миң сегиз жүз ) сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Талибаевага жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |