Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты №8
РусӨмүр жоопкерчилиги чектелген коомуна кум шагалдарды иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Рус Өмүр жоопкерчилиги чектелген коомуна кум шагалдарды иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени угуп, эки жактын дагы кызыкчылыктарын эске алып, депутаттар арасында кенириталкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык кенешинин VI чакырылышынынкезексиз XVI Iсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен бассейндик Суу чарба Башкармалыгынын 2018-жылдын 7-декабрындагы чыгыш №213-сандуу катынын негизинде Рус Өмүр жоопкерчилиги чектелген коомуна кум шагалдарды иштетүүгө макулдук берүү жагы кийинки сессияга калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |