Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты №10
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара жана Чоң-Талаа айылдарындагы жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа жана Чоң-Кара айылдарындагы жарандардын үй-жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында жер аянттарын трансформациялоо боюнча Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин билдирүүсүн угуп,депутаттар арасында кеңири талкуулапТөрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексизXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылынын чыгыш тарабынан 4,4 га,Чоң-Кара айылынан 33,8 га айыл чарба багытындагы жер аянттарын калктуу конуш категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага |
М.Соорбаев |