Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты №11
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ак-Турпак,Чоң-Талаа жана Дөбө айылдарындагы ичүүчү сууну мыйзамсыз пайдалануучуларга айып пул салуу жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ак-Турпак, Чоң-Талаа жана Кара-бак айыл аймагына караштуу Дөбө айылдарындагы жарандардын сууга болгон муктаждыктарын чечүү максатында жана аталган айылдардын элдик жыйындарынын протоколдорунун негизинде Төрт-Гүлайылдык кенешинин VI-чакырылышынынкезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак, Чоң-Талаа жана Кара-бак айыл аймагына караштуу Дөбө айылдарынын элдик жыйындарынын протоколдорунун чечими негиз катары кабыл алынсын.
2. Өз алдынча магистралдык суу түтүктөрүн тешип,короо жайына суу киргизип алган тургундарга КР Административдик Кодексинин №493,№495,№496 жана №509 беренелерине ылайык 10 000(Он мин) сомдон 15 000 (Он беш мин) сомго чейин айып пул салынсын.
3. Суу колонкалары менен тамарка сугарса,кир чайкаса,автоунааларын жууса, түнкүсүн
ичүүчү сууну агызып койсо биринчи жолу жазуу түрүндө эскертүү берилсин,кайра кайталанса 2000 (Эки мин) сомдон 5000 (Беш мин) сомго чейин айып пул салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Жапаровгожүктөлсүн .
Төрага |
М.Соорбаев |