Загрузка документа…
Төрт-Гүл айылдык КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №12
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри сай участкасынан жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри сай участкасынан жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттар арасында кенири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри сай участкасынан 4,6 га жайыт жер аянтына таш майдалоочу жана асфальто-бетонный завод куруу үчүн, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер багытындагы” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага |
М.Соорбаев |